Коом

Некролог. Отставкадагы майор Грабов Александр Павловичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы терең кайгыруу менен 2026-жылдын 5-августунда отставкадагы майор Грабов Александр Павловичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын билдирет.

Александр Павлович 1949-жылы туулган. 1985-жылы Москва шаарындагы Ф. Э. Дзержинский атындагы СССР КГБсынын Октябрь революциясы ордендүү Кызыл Туу ордендүү жогорку мектебин «Укук таануу» адистиги боюнча аяктаган.1985-жылдан 1991-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштеген.

Кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен жакшы көрсөткүчтөрү үчүн ведомстволук сыйлыктар жана алкоолор, ошондой эле башка мекемелердин жана министрликтердин сыйлыктары менен сыйланган.

Александр Павлович менен бирге кызмат өтөгөндөрдүн баары аны чыныгы офицер, жоопкерчиликтүү кызматкер, милдет сезими жогору инсан катары эстешет.

Ал жардам берүүгө даяр, боорукер адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ал биздин эсибизде дал ушундай бойдон калат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар

Back to top button