Окуялар

Казакстанда окуучу балта менен теңтуштарына кол салды

5-февралда Атырау облусунун Кульсары шаарында 10-класстын окуучусу теңтуштары менен болгон жаңжалдан кийин мектептин ичинде балта менен чуркап, башка окуучуларга кол салган, деп билдирет  Tengrinews.kz. басылмасы.

Окуянын натыйжасында эки өспүрүм жеңил дене жаракаттарын алышкан. Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Хулигандык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

«Өспүрүмдүн ата-энесине баланы туура тарбиялабагандыгы үчүн административдик жоопкерчилик жүктөлдү. Материалдар жашы жете электердин иштери боюнча комиссияга жөнөтүлдү»,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button