Казино ачууга жол берген мыйзамы биринчи окуудан өттү
Кыргыз парламенти чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда 56 макул, 13 каршы болгон добуш менен колдоп берди.
«Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоору 11-майдагы парламент жыйынынын күн тартибинде болгон эмес. Түштөн кийин сунушталып, алгач жабык карала баштап, кийин айрым депутаттардын нааразылыгы менен жыйынга журналисттер киргизилди.
Кумаркана мыйзамы кандай иштейт?
Долбоорду экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Улан Сарбанов парламентте коргоп, мыйзамдын максаты инвестиция тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө шарт түзүү экени белгиледи. Сарбанов мыйзам долбоору экинчи окууга чейин жакшылап иштелип чыгарын айтты.
“Кыргыз Республикасынын жарандарына тыюу салынат. Тыюу салуунун механизмдери акт менен жазылып чыгат. Учурда ИИМ менен анын чараларын алдын ала кеңешип жатабыз. Бул суроолор иштелүүдө”, — деди Сарбанов.
Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Сарбановдын айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.
Мыйзам долбоорунун баяндамасында, кумаркана түрлөрүнүн салык ченемдери айтылды.
Ага ылайык, казино жана онлайн казинонун үстөлү үчүн 2022-жылы 750 миң сом, 2023-жылы — 1 миллион, 2024-жылы — 1,25 миллион сом болот.



