
Транспорт министрлигинин жетекчисинин эки орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары болупТалантбек Солтобаев, дагы бир орун басары болуп Ырысбек Бариев дайындалды.
Министрдин мурдагы орун басарлары Нурланбек Кайынбаев менен Таабалды Тиллаевөзүлөрү жазган арыздарына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.



