Коом

100 миң сом пара. Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси акча талап кылууга шектелгени айтылууда

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси пара талап кылууга шектелүүдө. Мындай маалыматты айрым маалымат каражаттары күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазып чыгышты. 

13-майда УКМК тарабынан  аталган министрликтин Ысык-Көл облусу боюнча координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. 100 500 сом акча талап кылууга шектелип кармалган. 

Айрым маалымат каражаттарындагы маалыматтарга таянсак,  үй-бүлөлүк медицина борборунун директору кармалган учурда, анын жанында  Алымкадыр Бейшеналиевдин Мээрим аттуу кеңешчиси болгон. 

Министрдин кеңешчисин суракка алынгандан кийин бошотушкан, бирок кармалган Б.Ж. ага каршы көрсөтмө бергендиктен, жакын арада камакка алынаары мүмкүн экендигин белгилешүүдө. 

Эске салсак, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. орто медициналык кызматкерлерден чогултулган акчаны алып жатканда кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button