Саясат

Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны өттү

Бүгүн, 16-майда, Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына карата Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кремлде тегерек столдо жолугушту.

Катышуучулар ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияларды биргелешип координациялоо жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө кол коюшту, ошондой эле Казакстандын аймагында 2022-жылдын январында ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button