Коом

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары жолукту. ФОТО

Бүгүн, 2022-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен Өзбек Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын төрагасы генерал-лейтенант Абдусалом Азизов жолугушту.

Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.

Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button