ВИДЕО: Кыргызстанда медициналык жабдыктар чыгарыла баштады

Мурда чет өлкөдөн алынган медициналык жабдыктар – эми Кыргызстанда чыгарылып жатат. “Медимпэкс” ишканасы суткасына 300 миң даана бир колдонуучу медициналык шприцтерин чыгарууда.
Аталган ишкананы колдоого президент Садыр Жапаров фондунан 30 миллион сом акча каражатын бөлүп берген. Россиялык Росздравнадзор мекемеси Кыргызстанда чыгарылган шприцти Франциядагы өндүрүлгөн шприцтердин сапаты менен тең баалап, ата мекендик өндүрүш учурда Кыргызстандын ооруканаларынан тышкары, Россияга экспорт болуу алдында турат.
Аталган ишканага 100% кыргызстандык акционерлер ээлик кылып, суткасына 300 миң даана ар кандай калибрдеги шприцтерди чыгарат. Мындан тышкары стерилденген медициналык халаттарды, шейшептерди, чепчиктерди жана бахилаларды өндүрөт. Бул муктаждыктар мурда чет өлкөдөн сатылып алынчу.
Учурда өндүрүлгөн жабдуулар Кыргызстандагы ооруканаларды камсыздап жатат.



