Коом
“Ысык-Ата» курортун реконструкциялоо сентябрга чейин бүткөрүлөт — Туманбаев

«Ысык-Ата» санаториясын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иштерди ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалып жатканын президенттин аппарат жетекчиси Каныбек Туманбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, аталган пансионаттын аймагындагы бардык имараттар оңдолот. Заманбап медициналык жабдуулардын келиши күтүлүүдө.



