Коом
Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, алты адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, алты адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-декабрда саат 16:20 чамасында Каракол — Эңилчек унаа жолунун 3-чакырымында Toуota Ipsum жана жүк ташуучу Mercedes-Benz Sprinter үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарууга жардам беришкен. Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Ак-Суу райондук ооруканасына жеткирилген.



