Коом

Нарында тоо эчкилери менен сейрек кездешүүчү илбирс видеого тартылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусундагы өрөөндөрдүн биринде рейддик иш-чараларды өткөрүп жатып, тоо эчкилеринин үйүрүн жана сейрек кездешүүчү ак илбирсти жакын аралыктан видеого тартып алышты.

Рейд учурунда тартылган кадрларда Нарын аймагынын кайталангыс жаратылышы жана байлыгы чагылдырылган. Ошондой эле тоолуу аймактарда жапайы жаныбарлардын табигый чөйрөдө жашап жатканын көрүүгө болот.

Тоо эчкилеринин үйүрү менен ак илбирстин өздөрүнүн табигый жашоо чөйрөсүндө эркин жүрүшү аймактагы экосистеманын туруктуулугу сакталып жатканын жана жапайы жаныбарлар үчүн ыңгайлуу шарттар бар экенин көрсөтүүчү маанилүү белгилердин бири болуп саналат.

Министрлик жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча системалуу иштерди улантарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button