Коом

Бишкекте фонтандарды куруу жана жаңылоо иштери уланууда

Мэриядан билдиришкендей, Ж. Абдрахманов көчөсү менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жаңы фонтан курулууда. Учурда эки чөйчөгү орнотулуп, инженердик коммуникацияларды тартуу иштери аяктады. Азыр фонтандын чөйчөктөрүн кооздоп жасалгалоо, фонтан системасын даярдоо жана башка иштер уланууда.

Ал эми Ж. Абдрахманов көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинде «Алтын балыктар» фонтаны жаңыланууда. Бул жерде декоративдик жасалгалоо, фонтан системасын даярдоо, инженердик тармактар боюнча иштер жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иштер 6-июлда башталган. Аларды 31-октябрга чейин аяктоо пландалууда. Объект азырынча пайдаланууга кабыл алына элек.

Мэр Айбек Жунушалиев чектеш аймактарды комплекстүү түрдө көрктөндүрүүнү, отургучтарды жана таштанды челектерин орнотууну, унаа токтотуучу жана жөө адамдар үчүн жайларды, балдар аянтчасын уюштурууну, ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрө элементтерин караштырууну тапшырды.

Учурдагы бак-дарактарды сактап калуу, кошумча бак-дарактарды отургузуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле тротуарларды жана инженердик элементтерди иретке келтирүү, чектеш имараттардын архитектуралык көрүнүшүн эске алуу, ошондой эле фонтандардын иштөө режимин тургундарга ыңгайсыздык жаратпай тургандай уюштуруу милдеттендирилди.

Мындан тышкары, иштердин сапатына, тургундардын кызыкчылыктарына, жашыл аймактарды сактоого жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button