Коом

Адылбек Касымалиев Минскке иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1–2-октябрь күндөрү Беларустун борбору Минск шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар жана кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйындарына катышат. Ошондой эле «Иннопром. Беларусь-2026» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында «Өнөр жай-технологиялык кызматташтык: өз ара толуктоочу өнөктөштүк» темасында сөз сүйлөйт.

Иш-чараларга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин — Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчылары, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button