«Кыргыз-Ата» жаратылыш паркында жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалануу аныкталды

Ош шаары жана Ош облусу боюнча Жер жана суу көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында текшерүү жүргүздү.
Текшерүү парктын администрациясынын кайрылуусунун негизинде өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө жергиликтүү төрт тургун тиешелүү уруксат документтери жок жер тилкелерин пайдаланып келгени аныкталган. Айрымдарынын келишимдеринин мөөнөтү өтүп кеткен болсо, дагы бир бөлүгү өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактан тышкары жерлерди пайдаланган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү актылар түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 237, 239 жана 241-беренелерине ылайык, мыйзам бузгандарга жалпы 34 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык, жер кыртышына келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча талаптар коюлду.
Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 127 миң 314 сомду түздү.



