Коом

Сузакта мугалимдин окуучуну сабашы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү жүрүүдө

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Ж.Бөкөнбаев №1 атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими 7-класстын окуучусун сабаган.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окуя 23-майда болгон.

“Күн мурун Сузак райондук милициясы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлгөн. Бүгүн комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мурдараак социалдык тармактарда мугалимдин окуучу кызга кол көтөрүп жаткан видеосу тараган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button