Окуялар

Ысык-Көлдө 64 жаштагы жаран майып кызды зордуктап, кош бойлуу кылган. Экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Майыптыгы бар жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча 64 жаштагы жаран 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу  Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«ДНК-экспертиза жүргүзүлгөн. 64 жаштагы жаран зордуктоого, башкача айтканда өлүк төрөлгөн ымыркайдын атасы экени боюнча корутунду чыкты. Анын жыйынтыгы менен 1958-жылы туулган Түп районунун тургуну кармалды.

Соттун чечими менен аны 1 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда»,дешти мекемеден.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Түп районунда кошунасы жашы жете элек майып кызды зордуктаган деп шектелген кабар чыккан.

Кош бойлуулуктун бешинчи айында 16 жаштагы кыз кансырап ооруканага түшкөн. Өспүрүмгө операция жасалып, бирок баласын сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button