Коом
Айдоочулардын эсине! Төө-Ашуу ашуусундагы туннель убагы менен жабылып турат

Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында тактап айтканда, Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан Көлбаев атындагы туннель убагы менен жабылып турат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Буга туннель аркылуу малчылардын мал айдап өтүшкөнү себеп. «Ошондуктан тоннелде жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында, унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыкты сактоо менен тоннелдин эки тарабынан тең убактылуу жол жабылып турат»,- дешти.



