Миссия аткарылат. БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн полковниги кыргызстандык кесиптештерине колдоо көрсөттү

БУУнун атайын миссиясынын офицери, полковник Абасканов Мырзабек КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментиндеги кесиптештерин унутпайт. Мүмкүнчүлүгүнө жараша кызмат кылгандарга кам көрүп, колдон келген жардамын берип келет.
Бул жолу ал «Сый-Урмат» коомдук бирикмесинин ардагерлер кеңешине өзүнүн жеке каражаттарынан 25 миң сом бөлүп, алардын жумушчу кабинетин оргтехника жана башка тиричилик техникалары менен жабдыды.
Мырзабек Абасканов Нарын районунун Чаек айылында туулган. 1986-жылы Фрунзедеги Суворов атындагы аскердик окуу жайын, андан кийин Минск шаарындагы (Беларусь) Жогорку аскердик-саясий курама окуу жайын, Бишкектеги Кыргызстан Эл аралык университетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Тоолуу Карабакта (Азербайжанда), Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында кызмат өтөгөн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында окутуучу болгон, өлкөбүздүн пенитенциардык тутумунда иштеген.
Тынчтыкты сактоочу катары ал Эфиопияда жана Эритреяда (2006-2008), Чыгыш Тимордо (2009-2012), кийинчерээк Африка биримдигинин бир бөлүгү болгон жарандык согуш болгон Дарфур аймагында (Судан) Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен миссиясынын (UNAUMID) туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча тапшырмаларды аткарган.
Ардагерлери Мырзабек Каниметовичке көрсөткөн камкордугу үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришип, мындан туура 20 жыл мурун түзүлгөн 29-май БУУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн эл аралык күнүн утурлай бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана оор, бирок асыл иш-аракеттерине үчүн ийгиликтерди каалайт.




