Окуялар

Ысык-Көлдө 7 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Ысык-Көлдө куткаруучулар 7 жаштагы баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу ӨЗгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда саат 21:50 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский менен Кузбасский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн үстүнөн 7 жаштагы Ш.У бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык 15-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 22:10 баланын жансыз денесин табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button