Коом

Министр: “Мен антип айткан эмесмин, тигинтип айткан болсом, келесоо бекен аялын коргой албай турган”

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басары Улук-Бек Бектургановдун аялынын намысына тийген сөз айтпаганын билдирди.

Министр медиктердин балдары тарбияланган «Наристе» бала бакчасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөн иш-чарага катышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов министр жыйында анын аялынын намысына тийчү сөздөрдү айтты деп даттанган.

«Биринчиден, мен антип айткан эмесмин. Ал жыйынга кечигип келгенде «ай, аялыңдын колун кармап жата бербей эртерээк келбейсиңби» дегем. Эгер тигинтип айткан болсом, эмне келесоо бекен аялын коргой албай турган? Эркек болсо атып таштабайбы ошентип айткандарды. Мен Бектургановдон жакшы сөздү үйрөнүп алдым. Министрликте турмушка чыга элек кыздарым бар иштебей жүргөн, бойдок балдарым менен тааныштырбасам деп коркутам», — деди Бейшеналиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button