Коом

Бишкекте изделип жаткан 20 жаштагы кыздын жансыз денеси Ботаникалык бактан табылды

Бишкекте 31-августтан бери дайынсыз болуп жаткан Виктория Долотованын жансыз денеси табылды. Октябрь РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 4-ноябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чалуу түшкөн. Анда Ботаникалык бакта кыз жанын кыйганы айтылган. Жерине барган милиция 2003-жылы туулган кыздын жансыз денесин тапкан. Анын денесин кароо учурунда тактар байкалган эмес. Кыздын 31-октябрдан бери изделип жатканы маалым болгон. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button