Коом

УКМК: Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмүнүн кеңешинин 39-жыйыны өттү


2023-жылдын 7-апрелинде Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Казакстан Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмүнүн(ШКУ РТКТ)  кеңешинин кезектеги 39-жыйыны болуп өттү. Ага Индия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана ШКУ РТКТнун компетенттүү органдарынын делегациялары катышты.

Отурумдун жүрүшүндө ШКУ РТКТнун кеңешинин ШКУ РТКТнун 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндөгү доклады ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңеши тарабынан жактырылды. 2022-2024-жылдарга терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташуу программасынын 2022-жылда аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат каралды. ШКУнун РТКТнын Аткаруу комитетинин өткөн мезгилге карата ишмердүүлүгүнө оң баа берилди.

2023-жылы ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кезектеги биргелешкен терроризмге каршы “Евразия — Антитеррор – 2023” машыгуусун Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү макулдашылды.

Интернетти террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда колдонуунун алдын алуу боюнча биргелешкен маалыматтык операцияны өткөрүү боюнча, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин тогузунчу кеңешмеси жана ШКУнун РТКТнын тогузунчу Эл аралык илимий-практикалык конференциясы боюнча чечимдер кабыл алынды.

Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмү менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы  борборунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумдун долбоору жактырылды.

ШКУнун РТКТнын кеңешинин кезектеги жыйынын Казакстан Республикасынын аймагында өткөрүү макулдашылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button