Коом

Ысык-Көлдө аялды 15 миң сомго алдап кеткен алдамчы кармалды

5-майда Ысык-Көл райондук милициясына 58 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз аялды алдамчылык фактысы боюнча жоопкерчиликке тартууну суранган. Арыз ээсинин айтымында, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында косметиканы сатуу менен алектенет. 30-апрель күнү саат 13.00дөр чамасында алардын соода түйүнүнө чала тааныш аял келип, өзүн эс алуучумун деп тааныштырып, ишенимге киргенден кийин, жалпы суммасы 15000 сомду түзгөн косметиканы карызга алып, кайра кайрылбай качып кеткендигин билдирген.  Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов  билдирди.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

  Өткөн күнү, жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ысык-Көл районунун милициясынын кылмыштарды иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, Жети-Өгүз районунун 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну аталган кылмышка шектүү катары кармалды. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү аялдын дагы 4 алдамчылык фактыларына тиешестиги бар экени аныкталган.

Тергөө кызматы, кылмышка шектүүнүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул аялдын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды, 0709203087, 0999234034 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button