Коом

Мамлекеттик ипотекалык компания Таластагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу тууралуу маалымат берди

Талас шаарынын Алымкулов көчөсүндө «Тынчтык-Ордо» турак жай комплексинде 5 кабаттан турган 11 блок үйдүн курулушу жүрүүдө. Мында жалпы 310 батир курулат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, жердин аянты 2 гектарды түзөт.

7-октябрга карата курула турган баардык 11 блок үйдүн пайдубалынын чуңкуру курулуш нормаларынын талаптарына ылайык казылып бүтүп, бир кабат пайдубал трамбовка болуп лобараториялык сыноо иштери башталды.

Эскерте кетсек, курулуш иштеринин ар бир этабы долбоордун автордук көзөмөлүндө (проектировщик), жана курулуш иштерин көзөмөлдөөчү атайын агенттиктин тынымсыз көзөмөлү астында жүрүп, курулуштун ар бир этабы лобараториялык сыноодон өтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button