Коом
Чек арада жабыркаган аскер кызматкерлери Бишкекке жеткирилип, Ташиев жеке көзөмөлүнө алды

Бүгүн, 2022-жылдын 4-июнунда КР УКМК торагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен кыргыз-тажик чек арасында Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде ок атышуу учурунда жаракат алган чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Бишкекке жеткирилди – бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Жабыркагандар тиешелүү медициналык мекемелерге жөнөтүлүп, аларга бардык зарыл болгон жардамдар көрсөтүлөт.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерине бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү маселеси УКМКнын төрагасынын жеке көзөмөлүндө болорун атайын кызмат белгилейт.




