Коом

Балдардын жайкы эс алуусуна көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлду

Жайкы каникул башталганына байланыштуу балдардын эс алуусуна, алардын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү талабы бүгүн 8-июнда парламентте айтылды. Буга себеп, кечээки “Аквопаркта”  бассейнге чөгүп кеткен окуучу болду.

“Балдардын жайкы эс алуу маалында ушундай кырсыктар кайталанбашы үчүн бардык эс алуу жайларын тегиз көзөмөлгө алып, көзөмөлдү күчөтүш керек менчигинин түрүнө карабастан. Мындай кырсык болбойт деп эч ким кепил боло албайт”, — деди депутат Нурланбек Шакиев.

Депутат Камила Талиева окуучунун өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу мектептин жетекчилиги жоопкерчиликтен качып жатканын айтты жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурууга чакырды.

6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада кылынганын, “Тез жардам” кырсык болгон жерге дароо барбаганын айтууда. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button