Коом
Милициянын унаасынын үстүнө чыккан өспүрүмдөрдүн иши сотко өттү

Буга чейин соцтармактарда видео тараган. Видеодо жеткинчектин жол тескөөчүлөрдүн унаасынын үстүнө чыкканы тартылган болчу. Окуя боюнча ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат берип, Ноокаттагы эки өспүрүмдүн иши сотко өткөнүн билдиришти.
Маалыматка караганда, унаа Ош ОИИБке таандык. Унаа Ноокаттагы «Апсатар Ажы» кафесинин алдында токтоп турган. Видеодогу өспүрүмдөрдүн өздүгү такталып, алардын Ноокат районунун 16 жана 17 жаштагы тургундары экени аныкталган. Аталган факты Ноокат РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон, иш сотко жөнөтүлгөн.



