Коом
Бишкекте ысык суу качан берилери белгилүү болду
Бишкек шаарында ысык суу 16-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан билдиришти.
«16-июндан тарта борбор калаага ысык суу берүүнү пландап жатабыз» дешти мекемеден.
Белгилесек, Бишкек шаарында 16-майда ысык суу өчүрүлгөн.
Ысык сууну өчүрүү жыл сайын жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.



