Спорт
Валентина Шевченко Бишкекке келди

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бүгүн, 15-июнда, мекенине келди. Бул тууралуу mma_muaythai_kyrgyzstan Instagram баракчасынан билдирди.
Валентина Шевченко мекенине жетинчи ирет чемпиондугун коргогон курун алып келди.
Спортчуну эртең менен “Манас” эл аралык аэропортунан күйөрмандары, достору жана жакындары тосуп алышты.
Эске салсак, кыргыз мушкери Валентина Шевченко 12-июнда Сингапурда өткөн «UFC 275» турниринде жетинчи жолу чемпиондук макамын коргогон.
Анда Шевченко бразилиялык Тайла Сантос менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.



