Коом

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле, аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button