Коом

“Кумтөр” ишканасы Улуттук университеттин Кесиптик колледжине смарт кабинет ачып берди

Кумтөр жабык акционердик коому Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик колледжине заманбап смарт класс ачып берди.


“Кумтөр” ишканасы бир гана мамлекеттин казынасына миллиондогон каражаттарды алып келбестен, Кыргызстандын элинин жашоосун жакшыртууга да ар тараптан колдоо көрсөтүп келатканы маалым.
Окуучуларга кийим-кече, тоолуу райондордун жашоочуларына көмүр түшүрүп берүү, Ысык-көлдүн жээгин тазалоо сыяктуу бир топ алгылыктуу иштерди жасап келгени маалым.
Аны утурлай, билим берүү тармагына дагы олуттуу салым кошуу долбоорунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин кесиптик колледжине заманбап смарт класс ачып, техникалары менен камсыздап берди.
Тактап айтканда заманбап смарт класс интерактивдүү панель менен жабдылып, студенттер заманбап планшет менен окуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.


Окуу жайдын студенттери эми тапшырмаларды планшет аркылуу аткарып, мугалимдерге өз иштерин планшет аркылуу интерактивдүү панел менен жактай алышат. Ошондой эле студенттердин ар биринин тапшырмаларды кандай аткарып жаткандыгын мугалим да тескей алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button