Кремлге жагынгысы келген Адахан Мадумаровдун актанууга жасаган аракети
Өзүнүн жеке кызыкчылыгын, мүдөөсүн ишке ашыруу максатында Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып, мекендин эгемендигине, көз карандысыздыгына доо кетирип, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы абройуна көө сүрткөн Мадумаров кетирген кемчилигин моюнуна алып калгандын ордуна кайра башкаларды күнөөлөп, өзүн жоопкерчиликтен куткарып кетүүнүн амалын издей баштады.
Анын мындай аракетине кече күнү Жогорку Кеңештин комитетинде айткан сөзүндө күбө болдук. Кептин чынына келгенде, жеке кызыкчылыгы жана саясий амбициясын башкара албаган Мадумаровдун жеке тапшырмасы менен партиянын Орусиядагы айрым мүчөлөрүнүн мигранттардан акча чогултуп, чогулган акчага Орус-Украин согушунда жикчил аймак катары саналган Донбасска гуманитардык жардам жиберүүсүнүн түпкү маңызы Адахандын Кремлге жагынууга, эптеп эле алардын көзүнө көрүнүүгө болгон аракети экени кашкая эле көрүнүп турбайбы.
Экинчиден, ал Динара Чолпонова деген партиянын активистинин «карапайым эл Путин бизди – Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алып кетсин. Анткени орус президенти өз элине кам көрөт. Анан калса Орусияда орустар гана эмес, ошол эле сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттар – баары тынч жашайт, анткени бул алардын өз үйү» деп кызылдай эле Кыргызстанды Оруссиянын карамагына кошулууга үндөгөнүн көңүл сыртында калтырып, ал адам жөн гана партиянын мүчөсү экенин, бул сөзгө маани бербей койсо болоорун айтты. Бул сөзү менен Мадумаров ал аялды да ара жолго таштап кетти десек болот. Тагыраагы Мадумаров Чолпонованы пайдаланып, жогорудагы сөздү айттырды да, төөсү кыядан өткөн соң ал аялды жөн гана партиянын бир мүчөсү катары сыпаттап туруп, жээкке түртүп таштады. Бул Мадумаровго таандык сапат. Аныгында, партия лидеринин уруксааты жок Чолпонова бул билдирүүнү эч качан жасамак эмес. Ал билдирүүнү Мадумаровдун тикелей көрсөтмөсү менен ишке ашырган. Ошондой эле Бүтүн Кыргызстан партиясынын идеологиясы, саясаты да так ушул багытта. Себеби, партия лидеринен тартып анын ар бир мүчөсүнө чейин партиянын саясатынын, идеологиясынын негизинде иш жүргүзөөрү бештен белгилүү эмеспи.
Таң калычтуусу, калың эл ушунун баарын көрүп турса да Мадумаров баягы куйтулугуна салып, эптеп эле элди алдап кетүүнүн эбин издеп, ар кайсыны айтып жатат. Бирок, кыргыздын жерлерин четинен кертип сатып, ал кылыгын алигүнчө моюнуна албай, тетирисинче танып жүргөн Адахандын ашмалтай жүзүн кыргыз эли эчак эле билип бүткөн. Демек, бул сапар Адахандын арам максатын, эптеп эле бийликке жетүү үчүн керек болсо мекенинин эркиндигин сатып, башкаларга басып берүүгө даяр экенин эл так түшүндү жана түштөн кийин анын курулай актануусу суу кечпей турганы таасын билинип калды.
Кадырбек Асаналиев



