Коом

Равшан Жээнбеков УКМК башчысы Ташиевдин үстүнөн Ташиевге арыз жазды

Равшан Жээнбеков УКМКнын «Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча жалган маалыматтарды таратып жатканы үчүн берген эскертүүсүнө жооп катары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык абалын ашыкча пайдаланып жатат деп УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге арызданганын» билдирди. 

Жээнбеков саясат талдоочу Марат Казакпаевдин оорудан улам кайтыш болгонунда акыркы сапарга узатуу зыйнатына бара калып, өлүмдү өзүнүн саясий кызыкчылыгын ишке ашырууга курал катары пайдаланганы баарына маалым. Ошол жерден сөөктүн башында туруп алып учурдагы бийликке таарынычын, арыз-муңун айтууга үлгүргөн. Аны менен катар Казакпаевдин өлүмүнө эч кандай далили жок туруп, куру сөз менен улуттук коопсуздук кызматын айыптаган. Андан кийин да бул божомолун оңу келген жерден бөлүшүп, УКМКнын абройун коомчулук алдында түшүрүүгө аракеттенип келди. Жалган маалыматты таратканы үчүн коопсуздук кызматы эскертүү берсе, Ташиевге арызданып жиберди.

Факты жок сүйлөө, болгондо да мамлекеттик органдарды каралаган маалыматтарды таратуу кылмыш жоопкерчилигине кирет. Ошондуктан, УКМК жалган маалыматтарды тараткан саясатчыга эскертүү берген. Бирок ал аны туура кабыл албай, кайрадан арызданууга, ал тууралуу массалык маалымат каражаттарына таратууга киришкен эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button