
Балбан Жоламан Шаршенбеков соңку чуудан кийин үн катты.
“…Бирок ошол эле учурда кээ бир адамдар менин жеке пикиримди, оюмду бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү. Мен профессионалдык спорт менен гана алекмин, эч кандай саясий иштерге аралашпайм”, — деди балбан.
Спортчу ар дайым Кыргызстандын туусун дүйнө жүзүнө таанытууга болгон күчүн жумшай турганын айтып, өлкөнүн “желеги желбирей берсин” деп тилек кылды.
Жоламан буга чейин “мен алдыңкы жеңиштерге азыркы желекти гана көтөрүп чыгам” деген пикирин билдирген. Ага Камчыбек Ташиев жооп берип мыйзамды сыйлоого чакырган. Башка бийлик өкүлдөрү да спортчу саясатка аралашпашы керектигин айткан.
@abal-kg



