«Биздин балдарды ким коргой аларын жакшы билебиз». Ата-энелер милицияга ыраазычылык билдиришти

Милициянын балдар иштери боюнча инспекциянын инспекторлорунун алдында кандай гана милдеттер жүктөлбөйт. Аларга бир нече окуу жайлары бекитилген жана анын ар биринде, сөзсүз түрдө, өзүнүн оор өспүрүмү болот. Күн болобу, же түн болобу, дайынсыз жоголгон балдарды издөөгө туура келет. Кылмыштын алдын-алуу максатында, профилактикалык иштерди, лекцияларды өткөрүү үчүн мектептерге үзгүлтүксүз барышат. Милицияда профилактикалык каттоодо турган өспүрүмдөр менен үзгүлтүксүз иш алып баруу керек. Жайсыз үй-бүлөлөрдү күн сайын текшерип турушат.
Алардын ишинин негизги натыйжасы — Ысык-Көл областтык ички иштер органдырынын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлорунун аттарына, балдарын туура жолго сала алгандыгы үчүн ата-энелерден келип түшкөн ыраазычылык каттар болуп эсептелинет. Жакында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиевдин атына ушундай ыраазычылык каттардын бири Каракол шаарынын тургунунан келип түштү. Каттын ээсинин өтүнүчү боюнча, анын толук аты-жөнүн ачыкка чыгарбайбыз.
«Урматтуу Канат Сагынович!
Каракол шаардык милициясынын балдар иштери боюнча инспекциясынын ага инспектору Болот Шоруковго өзүнүн кызматтык милдеттерине ак ниет менен мамиле жасаганы үчүн, үй-бүлөмдүн атынан терең ыраазычылык билдирем.
Ички иштер органдарында иштөөдө, милиция кызматкерлерине көптөгөн талаптарды коёт. Алардын бири өспүрүмдөрдүн өз турмушунда туура жолду тандоого жардам берүү. Ал эми буга чейин жашоодо жаңылыштык кетирип алган өспүрүмдөргө жакындан көмөктөшүп, кайталануусуна жол бербөө. Милициянын капитаны Болот Шоруков дал ушул сапаттарга ээ. Ал өзүнүн үлгүлүү кызматы менен 17 жаштагы уулума үлгү болуп калды.
Ачыгын айтсам, буга чейин баламдын ички иштер органдарынын кызматкерлерине мамилеси башкача болчу. Эми болсо, уулум коомубуздагы тартипти, мыйзамды, тынчтыкты бузуучуларга каршы күрөштү улантуу максатында, Ички иштер министрлигинин Академиясына тапшырууну ойлоп жатат. Бүгүнкү күндө баламдын тырышчаак болуп, жакшы окууга умтулуп жатканын көрүп, Болот Шоруковдой милиция кызматкерлери көп болсо экен деп тилейм.
Ал өзүнүн компетенттүүлүгү, ак ниеттүүлүу, эң негизгиси өзүнүн кызматтык милдетине ак ниеттүүлүк менен көпчүлүк өспүрүмдөрдүн, алардын ата-энелеринин урмат-сыйына ээ боло алды. Эми биз, өзгөчө учурларда, же болбосо оор кырдаалда кимге кайрылууну, балдарыбыздын укуктарын ким коргоп, коопсуздугун камсыз кыла аларын так билебиз”, — деп жазылат ыраазычылык катта,- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматынан.



