Окуялар

Баткенде баасы 800 миң сомго жакын аткезчилик жүк кармалды

УКМК Кыргызстандын аймагында контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө аткезчилик жүк менен бара жаткан унааны кармаган.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 20-июнунда УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун аймагында баасы 800 миң сомго жакын болгон Тажикстанда чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк менен Тажикстандан келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш ишинин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту («Экономикалык контрабанда») боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button