Кайып Шер: “Райым Матраимов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын каржылап, элди ирээнжитти”

Социалдык тармакта Фейсбук колдонуучусу Кайып Шер мурдагы Бажы башчысы, коомчулукта “Райым миллионер” деген ат менен таанымал болгон Райым Матраимовдун Алмазбек Атамбаев менен туугандашып кеткени тууралуу нааразычылык пикирин жазды.
Тексти өзгөртүүсүз берилди:
Урматтуу Райым Матраимов! Мен сизди эл багаар табышкер, менеджер, деп буга чейин жер сууга тийгизбей мактап келдим. А тургай азыркы президент Садыр Жапаровдон кийин президент болот деп жар салсам, сиз ал айтылганды кармап кала албадыңыз! Көчугунуздөн кетип, кокондук Алмаз Атамбаевдин тарапташтарын 1500 доллардан финансылап атканыныз мени ирээнжитти. Ал балдар ар кандай андай жолдор менен мага таш ыргытып келет. Айрымдар Райым менен Алмаз Атамбаев жана башкалары биригип, туугандашып алды мурункудай, дешүүдө. Эмнеси болсо дагы туура эмес кылдыңыз Райым мырза! Аманчылыкта бол! Ийгилик болсун!- деп жазды Кайып Шер.



