Саясат
Кочкор районунун акими алмашты
Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамына ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими Камчыев Курбанбек Камчыевич ээлеген кызматынан бошотулду.
Анын ордуна Сузак районунун мурдакы акими Эрмек Омошев дайындалды.



