Коом

Жигитин тамашалаш үчүн «мени ала качты» деп милицияга чалган кыз кармалды

«102» кызматына «кызды ала-качып кетти» деп пранк кылып чалган жарандар кармалды.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган Б.А. аттуу жаран милицияга 4-июлда Ак-Босого жаңы конушунан кызды унаага салып уурдап кетти деп билдирген.

Ошол эле күнү «план перехват» аталышындагы атайын ыкчам операция киргизилип, Калыс-Ордо конушунан «Лексус» үлгүсүндөгү унаанын 1999-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочусу эки иниси менен кармалган.

Тергөө учурунда «уурдалды» деген кыз жигитин тамашалап, «102» кызматына өзү чалгандыгын тастыктаган.

Кармалган жарандарга укук бузуулар кодексинин 132-беренесине (милиция, өрттөн сактоо, медициналык тез жардам өңдүү адистештирилген кызматты билип туруп жалган чакыруу) ылайык чара көрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button