Коом

Бишкектеги Россия элчилигинин имаратынан бомба табылган жок

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынан бомба табылган жок. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн саат 10:45те 102 кызматына элчиликтин аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу, сапёр жана кинологдор барган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында кандайдыр бир жарылуучу зат табылган эмес.

Аталган факт каттоого алынган. Милиция кенен маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button