Окуялар

Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызды ала качып кетишкен

Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызды ала качып кетишкен. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБден бидиришти.

Маалыматка караганда, 12-июлда Каракол ШИИБге 1965-жылы туулган жаран кайрылып, 11-июлда саат 08:00 чамасында Түп районундагы айылдардын биринде 16 жаштагы кызын Чүй облусунун Кара-Балта шаарына ала качып кеткенин айткан. Милицияга арызды кыздын достошуп жүргөн жигитинин атасы жазган. Кыздын өзүнүн ата-энеси кыздын айланасындагы сөздөрдөн алдын алуу максатында арыз жазуудан баш тартып жатканы айтылды. Бирок ал жашы жете элек болгондуктан, бардык керектүү тергөө амалдары жүргүзүлөт. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button