Коом
Кримтөбөл Женго менен байланышы бар жакындарынын бири кармалды

Ички иштер министрлиги Ош шаарында аянты 1,8 гектар болгон жер тилкесин мыйзамсыз кайра каттоо боюнча схема аныкталганын билдирди.
Маалымат болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун Женго аттуу лидери менен байланышы бар жакын адамдардын бири кармалды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө бул жер тилкеси кылмыш жолу менен алынган мүлктү жашыруу жана мыйзамдаштыруу максатында колдонулганы белгилүү болду.
Учурда тергөө жана иликтөө иштери улантылып жатат. Ошондой эле башка адамдардын бул мыйзамсыз аракеттерге катышуусу жана мүлктү уурдоо аркылуу мыйзамдаштыруунун кошумча фактылары да текшерилип жатат.
Жалпы аянты 1,8 гектар, болжолдуу наркы 43,75 миллион сом болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.



