Коом

Токмок шаарына 354 түп көчөт отургузулду

Токмок шаарынын кире беришине 354 түп көчөт отургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 177си ак кайың жана 177 көчөт «катальпа» породасындагы дарактар.

Жаңы көчөттөр айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, шаардын кире беришин көрктөндүрүү жана абанын сапатын жакшыртуу максатын көздөйт.

Буга чейин бул жерде куурап, чирип, пайдаланууга жараксыз болуп калган 35 терек кыйылган.

ӨКМ карамагындагы участоктордо айлана-чөйрөнү жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button