Турак-жайсыз калган жалгыз бой энеге Камчыбек Ташиев жаңы турак-үй куруп берди — ФОТО

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Үлгү айылынын тургуну Гүлшайыр Ташполотова жалгыз бой эне. Эки балалуу эне ондогон жылдар бою Орусия жергесинде иштеп, Үлгү айылынан өзүнө там сатып алган. Бирок, 2021-жылдын декабрь айында турак жайы толугу менен өрттөнүп кеткен. Үй-жайсыз калган Гүлшайыр Ташполотованын кайрадан там курууга такыр мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, жардам сурап февраль айында Камчыбек Ташиевге кайрылганын айтат.


Ташиев жардам колун сунууга даярдыгын дароо билдирип, курулуш мезгили келиши менен 33 күндүн ичинде жаңы турак-үйүн куруп берди. Анда жашоо үчүн бардык керектүү шарттар камтылган.


Кечээ жаңы турак-жайдын ачкычын Камчыбек Ташиев Гүлшайыр Ташполотовага айыл аксакалдарынын жана үй ээсинин жакындарынын катышуусунда тапшырды.



