Коом

ИИМ: Ысык-Көл облусунда экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдү алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо, экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын  жүргүзүшүп, натыйжада 2022-жылдын 16-июлунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын МТФ дарегинде жайгашкан намазканада Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан “Имам Азам” медресесинин 8 окуучусу 2022-жылдын 2-июлунан тарта 40 күндүк дааватка келишкенин аныкташкан. Алар 2011-жылдын 13-сентябрдагы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын даават (үгүт-насаат) бөлүмүнүн иш жүргүзүү жобосунун 4.2. пунктунун талаптарына ылайык, өздөрү жашаган аймактардын ички иштер бөлүмдөрүнөн өздөрүнүн ишмердүүлүгүн тастыктаган аныктамаларын алышкан эмес.

Андан сырткары, 2022-жылдын 18-июлунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы үйдө жайгашкан каттоого алынбаган “Умар-Фарух” намазканада 12 адамдан турган жаамат  40 күндүк дааватка келишкендиги аныкталган.

Андан сырткары  Ысык-Көл РИИБдин ЭММКАКнын профилактикалык каттоосуна алынган диний экстремисттик уюмунун 28 мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана 25 мечит жана намазканалар текшерилди.

Азыркы учурда Ысык-Көл облусунун аймагында республиканын башка аймактарынан келишкен 270 киши даават иштерин жүргүзүүдө. Алардын ичинен Ысык-Көл районунун аймагына 3 жаамат (28 киши) келишкен.

Ысык-Көл облусунун казыяты менен биргеликте аталган жарандарга алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жакында иш-чара өтүүчү аймактан сырткары жиберилишти.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына мечит жана медреселердин ичинде ар түрдүү диний экстремисттердин жана террористтердин кылмыштуу аракеттерине жол бербөө, алдын алуу жана болтурбоо максатында, бардык мечит жана медреселерди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын даават (үгүт-насаат) бөлүмүнүн иш жүргүзүү жобосунда көрсөтүлгөн тартипке ылайык дааватка чыгуунун жолдорун милдеттүү түрдө аткарылышы боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүшү боюнча каттар жөнөтүлдү, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button