Коом

Кыргызстандык окуучу Лос-Анжелестеги эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи

Бишкектеги Лев Толстой атындагы №12 мектептин 5-классынын окуучусу Аиса Алтынбекова Лос-Анжелесте өткөн XCEL эл аралык олимпиадасында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК маалымдады.

Окуучу Кыргызстанды ART чыгармачылык багытында тааныштырып, «Адамзаттын жашоосундагы жасалма интеллект» аттуу эмгегин сунуштаган. Сынактын жыйынтыгында Аиса Алтынбекова алтын медаль жана I даражадагы диплом менен сыйланды.

Олимпиадага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун окуучу катышкан.

XCEL International Olympiad 3–12-класстын окуучулары арасында өткөрүлүп, математика, когнитивдик жөндөмдөр, робототехника жана искусство боюнча төрт багытты камтыйт.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, олимпиадага 25тен ашык өлкөнүн окуучулары катышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button