Дайырбек Орунбеков: «Жаз, күз тополоң болот деп күтөбүз, эмнеге туруктуулук дегенде тилектеш боло албайбыз?»

Ташиев кайрадан талкууда калды. Ал, “ким мамлекетте баш-аламандык кылабыз, бийликти күч менен басып алабыз деген аракет кылса, күлүн көккө сапырып салабыз”-дептир. Ал киши эмоционалдуу, оюндагысын жашырбай айтып салмайы бар. Башкаларга окшоп ичинде ит өлүп жатса, сыртынан сыпайы маданият күтүп жылмалаӊдабайт.
Бирок достор, ар нерсенин кожоюну бар. Жумуртка басып жаткан тоок дагы алдындагы жумурткаларын коргойт, керек болсо ит дагы уясына жакын жолотпойт. Ал эми мамлекеттин дагы кожоюну болуш керекпи? Качанкыга чейин элибиз бийликти күч менен тартып алабыз деген арам ойлуулардын оюнчугу болуп жүрө бериш керек?! Мамлекет баш-аламандык чыгаргандардын, бийлик басып алуулардын сыноосун өткөрө бергидей полигон эмес го? Камчыбек Ташиев улуттун коопсуздугуна жоопкер милдетти аркалап жатат. Келгиле достор, дайым эле жумурткадан кыр издебей, тынчтыкка, бакубатчылыкка, коопсуздукка, туруктуулукка дагы тилектеш бололу!
Улам төӊкөрүш кылып, өрттөп, талап, адам каны төгүлүп, жаӊжалдашып жатып эмне муртка жеттик? Элдин тынтчыгын бузам дегендер болсо, алардын күлүн көккө сапырып жиберген мамлекеттик түзүлүш үчүн маанилүү.
Айрым батышчыл, “демократтар” абдан талкуулап жатышат. Силер үлгү кылган Америкада дагы мамлекеттин тынчтыгына шек келтиргендердин күлүн көккө сапырып жиберишет. Кошуна Өзбекстандын өнүгүп жатканына суктанып жатабыз, аларда дагы темирдей тартип бар, бир кезде баш аламандык кылабыз дегендердин “күлүн көккө сапырып” жиберишкен. Башкаларды сөз кылып суктанганда шилекейибиз куюлат, анан өзүбүз дайым эле талкуу кылган сөзүбүз “жазда бийлик алмашат окшойт, күздө бирдеме болот окшойт” дейбиз.



