Саясат

Жапаров саммит төрагалыгын Рахмонго өткөрдү

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын кийинки консультативдик жолугушуусу Душанбе шаарында болорун президент Садыр Жапаров билдирди.

Эске салсак, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери Чолпон-Атага консультативдик кеңешке чогулган. Жыйында Жапаров бардык катышуучуларды иш-чаранын өтүшү менен куттуктады.

«Консультативдик жолугушуунун төрагалыгын Тажикстанга канааттануу менен өткөрүп берем. Урматтуу аксакал, Тажикстан президенти Эмомали Шариповичке ийгиликтүү жана майнаптуу төрагалык каалайм. Душанбеде көрүшкөнгө чейин», — деген Садыр Жапаров.

Бүгүнкү Чолпон-Атада өткөн саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан президенттери катышты.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button