Коом

Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар Аишаны издегендер белгисиз адамдын сөөгүн таап алышты

Көлгө чөгүп кеткен төрт жаша Аиша Мурдинованы издөөгө жардамдашып жаткан волонтерлор социалдык тармактарда белгисиз адамдын сөөгүнүн калдыктарын табышып алгандыгын билдиришкен. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынан тастыкташты.

Алардын маалыматы боюнча 1-августа Ысык-Көл РИИБге территориалдык ӨКМден билдирүү түшүп, анда болжол менен саат 15.00 чамаларында Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы көлдөн, эски желим торлорго оролуп илинип калган адамга таандык эски чирип калган сөөктөрүн табышып алгандыгы маалымдалган.

Аталган билдирүү райондук милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тийиштүү чечим кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button