Спорт

Адилет Улан уулу Ислам оюндарында күмүш медаль тагынды

Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында кыргызстандык спортчу Адилет Улан уулу күмүш медаль тагынды. Ал 16-августта кикбоксинг боюнча турнирде 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. 

1/4 финалдан баштап азербайжандык Кыяз Шахмардановду жеңди. Жарым финалдык беттеште Улан уулу иорданиялык Ибрагим Сулейман менен беттешип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште кыргызстандык Түркиядан келген спортчуга утулуп, 2-орунду ээледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button